Аймактар боюнча макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыздоо үчүн 8 топ түзүлдү

Аймактар боюнча макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыздоо үчүн 8 топ түзүлдү. Бул туурасында кечээ, 6-ноябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн жыйынында билдирген.  “Мындай  топторду түзүү жылдын  жыйынтыгы  менен  салык жана бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча жакшы макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү алуу, андан тышкары күзгү-кышкы даярдыктан жана айыл чарба иштеринен ийгиликтүү өтүү», - деди өкмөт башчы.

   Аймактар  боюнча  түзүлгөн комиссиянын төрагалары :  Чүй облусу боюнча Тайырбек Сарпашев, Жалал-Абад облусу боюнча Темир Сариев, Нарын облусу боюнча Осмонбек Артыкбаев, Ысык-Көл облусу боюнча Жоомарт Оторбаев, Баткен облусу боюнча Токон Мамытов, Ош облусу боюнча Кубатбек Боронов, Талас облусу боюнча Камила Талиева, ал эми  Өкмөт башчы Бишкекти координациялайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан