Бишкекте бүгүн, 8-ноябрда "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" XIII сессиясы өтүп жатат. Анда сөз сүйлөгөн партия мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков партиялаштарын жер-жерлерде парламентаризмдин принциптерин активдүү өнүктүрүүгө чакырды.
Партия мүчөлөрүнө кайрылып: “Парламенттик демократия – Жогорку Кеңеш гана эмес. Бул принцип айылдык кеңештердин деңгээлинде жайылышы керек. Силер парламентаризмди жергиликтүү бийликтин деңгээлинде өнүктүрөсүңөр, аткаминерлердин уурдашына жол бербегиле”,- деди Жээнбеков.