2013-жылдын 9 айында өлкөдө 1596 экономикалык кылмыш катталды. Муну Улуттук статистика комитети билдирди. Бул кылмыштардын 67си пара алуу фактысы. Маалыматка таянсак, бюджеттик каражатты мыйзамсыз колдонууга байланышкан кызматтык кылмыштуулук 2012-жылга салыштырмалуу 25 пайызга өстү. Ал эми кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы 18,1 пайызга өсүптүр.