Бүгүн, 8-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Халил Акынжыны кабыл алды.
Жолугушууда аталган кеңештин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер талкууланды. Мамлекет башчы түрк кызматташтыгы бардык багыттар боюнча кыйла жанданып, сапатын арттырууга, түрк элдеринин маданий, гуманитардык жана экономикалык кызматташуу боюнча интеграцияга Кыргызстан зор маани берерин айтты.
Алмазбек Атамбаев кеңештин катчылыгына Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган Ысык-Көл форумун өткөрүү боюнча демилгени колдогондугу үчүн ыраазычылык айтып, бул иш-чарага катчылык жигердүү катышарына ишенерин билдирди. Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Адахан Мадумаров да катышты.