10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата Кыргызстанда “Jashtar Camp -2013” аттуу бейформал жаштар конференциясы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти. Конференция Бишкек, Ош, Каракол жана Баткен шаарында өтүп, ага жаштардын атынан 1000дей өкүл катышмакчы. Иш-чара өлкөдө быйыл 5-жолу өткөнү жатат.
Анда жаштарды кызыктырган орчундуу маселелер талкууга алынат. Конференциянын максаты – жаштардын инновациялык идея алмашуусуна эркин аянтча түзүп берүү жана демилгелерге максатташтардын башын бириктирүү.
Иш-чара Ошто – Ош мамлекеттик университетинде, Караколдо – Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайда, Баткенде – Баткен мамлекеттик университетинде, Бишкекте – Улуттук китепканада өтөт.