Бүгүн, 8-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Эмомали Рахмонду Тажикстандын президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу Эмомали Рахмон, сиздин Тажикстан Республикасынын Президенти кызматына кайра шайланышыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Шайлоолордо ишенимдүү жеңишиңиз тажик элинин сизге карата жогорку ишениминин ачык көрүнүшү жана Тажикстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө сиздин сиңирген эмгегиңиздин акыбети болуп саналат.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы салттуу достук мамилелердин жыл өткөн сайын маңызы байып, динамикасы өстү. Бир тууган элдерибиздин кызыкчылыгына толук жооп берген биздин макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жигердүү биргелешкен ишти улантууга кызыкдар экендигимди ырастап кетким келет.
Чын жүрөктөн сизге жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан ары дагы ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди, ал эми дос тажик элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм”.