Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбандары дүйнөлүк рейтингде 5-орунду камсыздады. Бул тууралуу аталган мелдештин расмий сайтында жарыяланды.
Ага ылайык, биринчи орунда Иран мамлекети жайгашса, экинчиде АКШ, ал эми Япония үчүнчү саптан орун алган.
Кыргыз балбандары 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль алып, рейтингде 5-орунду камсыздашты.
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде Айсулуу Тыныбекова америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо аттуу балбан кыз менен кез келип, 7:0 эсебинде жеңип, экинчи ирет катары менен Дүйнө чемпиону аталды.
8-октябрга караган түнү Дүйнө чемпиондугунун финалында кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова япониялык Рин Мияджи аттуу балбанды жеңип, Дүйнө чемпиону аталган.
Айпери Медет кызы коло медаль үчүн болгон беттеште украиналык Анастасия Шустова аттуу балбан менен кез келип, 12:1 эсебинде жеңип, коло медаль тагынган.
Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгени багындырышты. Ошондой эле Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта коло байгеге ээ болгон.