Профсоюздар үйүндө КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин катышуусунда жыйын өттү
Кудайберген Базарбаев: "Мындай жолугушуулар аркылуу элге так маалыматты жеткирип жатабыз"
Кудайберген Базарбаев: "Ар бирибиз өз милдетибизди так аткарышыбыз керек"
Жыйында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жөлөкпул, медициналык тейлөө жана башка түрдүү суроолоруна жооп алды
Жыйынга катышкан жарандар учурдагы көйгөй жараткан маселелер боюнча министрге суроо узатышты
Кудайберген Базарбаев: "Ар бирибиз өз милдетибизди так аткарышыбыз керек"
Бүгүн, 9-ноябрь күнү Бишкекте Профсоюздар үйүндө КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин жана Социалдык фонддун өкүлүнүн катышуусунда жыйын өттү. Жыйынга пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана "Жоопкерчилиги чектелген коомдун" өкүлдөрү катышты. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ооруканаларда аларга карата 2-эмес, 3-сорттогу кишиге мамиле кылгандай карашарын жана башка бир топ көйгөйлөрүн айтышты. Министр Кудайберген Базарбаев: "Мындай жолугушуулар көп болсо, көйгөйлөрдү чечүүгө да жеңил болот. Биз, Саламаттык сактоо министрлиги биргелешип, аталган көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттерди көрүп жатабыз",- деди.