SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын тургуну кайрылды. Анда ал аталган айылдагы бир топ көйгөйлөрдү санап берип, айыл өкмөт башчысынын ишине нааразычылык дагы билдирип өттү.
"Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу Кут-Ордо көчөсүнө такыр эле газ койдура албай убара болдук. Айыл өкмөттүн иши да жок.
Жамгыр жааганда жол ылай болуп көчөгө чыга албай калабыз. Электр жарыгы, таза суу тынымсыз өчөт. Үйлөр жылыбайт. Тезек, көмүр, жыгач жагып күн өткөрөбүз.
Айыл өкмөт деген ушуларга көз салып, чечип бергенге аракет жасаса болот да.
Кимге кайрылба айыл өкмөтүңөргө баргыла деп коюшат же алар кыймылдабайт. Жылдан жылга кыштан чыгуу кыйын болуп жатат. Газ түтүктөрүн киргизип беришсе жашоо жеңилдеп калат эле", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.