Аба ырайы, 10-ноябрь: Тоолуу райондордо кардын жаашы күтүлөт

10-ноябрда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:  

Чүй облусунда күндүз +11 градуска чейин жылуу, түнкүсүн -6 градус  

Талас облусунда күндүз +9 градуска чейин жылуу, түнкүсүн -7 градуска чейин суук

Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +13 градуска чейин жылуу, түнкүсүн +3 градус

Баткен облусунда күндүз +11 градуска чейин жылуу, түнкүсүн +3 градус

Ысык-Көл облусунда күндүз +9 градуска чейин жылуу, түнкүсүн -5 градуска чейин суук

Нарын облусунда күндүз +8 градуска чейин жылуу, түнкүсүн -11 градуска чейин суук

Бишкек шаарында күндүз +10 градуска чейин жылуу, түнкүсүн -4 градуска чейин суук

Борбор шаарда жаан-чачын күтүлбөйт.  

  Тарых барактарына үңүлсөк, 2004-жылы 10-ноябрда Баткенде күндүз +25 градус ысык болcо, 2011-жылы Ысык-Көлдө абанын температурасы күндүз -6 градус суук болгон.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан