10-ноябрда Демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк федерациясынын түзүлгөнүнүн урматына Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү белгиленет. Бул дата 1945-жылы Лондондо 29-октябрь-10-ноябрь аралыгында Бүткүл дүйнөлүк жаштардын конференциясынын өткөнүнөн улам белгиленип калган. Тарыхый конференция Бүткүл дүйнөлүк жаштардын демилгеси менен Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде фашизм менен күрөшүү максатында уюштурулуп, өткөзүлгөн. Конференцияга 63 улуттун өкүлдөрү катышкан.
Демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк федерациясы тынчтык, жаштардын укуктары, элдердин көз карандысыздыгы, фашизмге жана расизмге каршы күрөш жүргүзөт.