Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева менен Урмат Аманбаева 8-9-ноябрь күндөрү Талас облусунда шайлоочулар менен жолугушту. Муну парламенттин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууларда жергиликтүү калктын социалдык көйгөйлөрү: унаа жолдору, таза суу жана кыш мезгилине байланышкан маселелер талкууланды. Айрым олуттуу маселелерди депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынында кароону убада кылышты.
Айнуру Алтыбаева менен Урмат Аманбаева жергиликтүү кеңештин депутаттары менен да жолугушууларды өткөрүштү.