Асылбек Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын Башкы катчысын кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 9-ноябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (Түрк ПА) Башкы катчысы Жандос Асановду кабыл алды.

Асылбек Жээнбеков Ж.Асановду 2013-жылдын 1-октябрынан тартып Түрк ПАнын Башкы катчысы кызматына киришүүсү менен куттуктап, уюмдун жакынкы арадагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча кыргыз тараптын көз карашын билдирди. “Парламенттер аралык кызматташууда Түрк ПА эффективдүү түзүм болуусу зарыл”,- деди төрага.  

Ал Түрк ПАга мүчө мамлекеттердин эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө Кыргызстан өзгөчө маани берерин кошумчалады.

 

Жандос Асанов А.Жээнбековго Катчылыктын иш-пландары менен тааныштырып, уюмга кирген мамлекеттердин парламенттеринин башчыларынын тапшырмасы боюнча өткөрүлгөн аудит жана келечек максаттары тууралуу кыскача маалымат берди. 

Тараптар маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык багыттагы кызматташуунун келечегин, парламенттер аралык бирикменин ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу механизмдери жөнүндө сүйлөштү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан