Жантөрө Сатыбалдиев: “Кумтөр” келишиминен бир тараптуу чыгуу Кыргызстандын экономикасына өтө чоң зыян алып келет”

“Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган меморандумдун Жогорку Кеңештен өтпөй калышы өкүндүрөт. Муну 10-ноябрда телеканалдардын биринде өкмөттүн 9 айдагы иши боюнча маалымат берген премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Айтымында, меморандум кыргыз тараптын кызыкчылыгына толук жооп бербесе да депутаттар колдосо туура болмок.  

“Айрымдар “Кыргызстанда 3-революция болсо, ага “Кумтөр” себепчи болот” дешүүдө, бул туура эмес. Өлкөдөгү 2 революцияга “Кумтөр” негизги себеп болгон эмес, кошумча гана болгон. Өкмөт сунуштаган меморандум укмуш болчу деп айта албайм, бирок анын колдоо таппай калганы өкүндүрөт.  

Учурда “Центерра” менен сүйлөшүү жүрүп жатат, жакында парламентке жетишилген жыйынтыкты сунуштайбыз. Эгер жактырбаса, келишимден бир тараптуу чыгууга барабыз. Мындан башка жол жок. Келишимдерден бир тараптуу чыгуу Кыргызстандын экономикасына өтө чоң зыян алып келет”,- дейт Сатыбалдиев. 

 

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген демилгени парламентке сунуштап, колдоо тапкан жок.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан