Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев эртеби-кечпи электр энергиясынын баасын көтөрбөсө болбой турганын дагы бир жолу айтты. 10-ноябрда телеканалда өкмөттүн жыл башынан берки иштери боюнча маалымат берген Сатыбалдиев: “2010-жылы Данияр Үсөнов (ошол кездеги өкмөт башчы) электр энергиясынын баасын ойлонбой туруп көтөрүп салган. Биз учурда өтө кылдаттык менен эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бааны көтөрүүдө элдин пикирин да угабыз”,- деди.
Карапайым калк үчүн башка, ири мекемелер үчүн башка баа коюлушу күтүлүп жатканын айтты, бирок тармакты оңдоого керектүү акчаны бааларды көтөрүү менен эмес, энергетика тармагындагы уурулукту жоготуу менен тапса болорун айтпады өкмөт башчы.