Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги унаа тыгындарын айланып өтмө жолдорду (обьездная) жана асма жолдорду куруу аркылуу азайтыш керек деген ойдо. Бишкектин көчөлөрү чоң көйгөйгө айланып бара жатканын айткан премьер: “Шаарда эртең мененки жана кечки унаа тыгындарын көрүп эле жүрөбүз. Муну асма жолдорду жана оор унаалар жүрүүчү айланып өтмө жолдорду куруу менен азайтсак болот”,- деди. Сатыбалдиев бул маселени да “Кумтөр” менен байланыштырды. “Кийинки жылы “Кумтөрдөн” 60 миллион доллар кошумча киреше аларыбыз күтүлүүдө. Анын эсебинен ушундай иштерди жасоого шарт түзүлөт”,- дейт премьер.
Эске салсак, “Кумтөр” боюнча Сатыбалдиев сунуштаган меморандум Жогорку Кеңеште октябрь айында каралып, колдоо тапкан жок. Көпчүлүк депутаттар меморандум кыргыз тараптын кызыкчылыгына төп келбей турганын, Кыргызстандын аталган ишканадагы үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керектигин айтышты. Сатыбалдиев үлүштү 50 пайыздан бөлүүнү сунуштаган болчу. Өкмөткө үлүштү 67 пайызга жеткирүү талабы коюлуп, 2 ай убакыт берилген. Учурда “Центерра” менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сүйлөшүүдөн оң натыйжа чыкпаса, кыргыз тарап келишимдерден бир тараптуу чыгууну демилгелейт.