Ошто кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жаратып келген Шарихан-Сай участогу боюнча жумушчу топ түзүлүп, аймакты толук тактоо иштери башталды. Муну SUPER.KG порталына өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.
Айта кетсек, өткөн аптада Ошто кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтун жолугушуусу болду.
“Жолугушууда Ош облусу менен Андижан облусунун ортосундагы талаш жер - Шарихан-Сай участогу боюнча талкуу болду. Узундугу 20 чакырымды түзгөн 3 аймак боюнча сүйлөшүү жүрдү. Союз учурунда аталган аймакка суу каналы курулуп, кийин андагы суунун нугу өзгөрүлүп кеткен. Кайсы жер өзбек тарапка, кайсы жер кыргыз тарапка таандык экени талаш жаратып келет. Карта, архивдик документтер боюнча талкуу кылдык. Жыйынтыгында атайын жумушчу топ түзүүгө макулдаштык. Бул топ кийинки жолугушууга чейин талаш жерди ар бир метрине чейин терең иликтеп чыгат”,- деди Искандаров.
Искандаров өкмөттөр аралык жумушчу топтун сүйлөшүүсү оор өткөнүн, кийинки жолугушуу ноябрь айынын аягында болорун кошумчалады.