Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети бүгүн, 11-ноябрда “Көчүп келүү процессин жөнгө салуу жана көчүп келүүчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө кыргыз-орус өкмөттөрү ортосундагы макулдашуунун” долбоорун жактырды.
Жыйынга катышкан эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов: “Учурда көчкөндөрдүн укуктарын коргоого байланышкан жаңы келишим иштелип чыгууда. Ага ылайык, жарандар кыймылдуу мүлктөрүн чек арадан өткөрүүдө салык төлөшпөйт”,- деди.
Комитеттин мүчөлөрү макулдашуу долбоорун колдоп беришти.