Бишкекте жол кырсыгынан 2 адам жабыркап, айдоочу каза болду

Бишкекте 9-ноябрда саат 07:40 эки унаа сүзүшүп кетип, анда 2 адам жабыркап, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.

                                    

 Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жашаган С.А. аттуу 32 жаштагы айдоочу Фольксваген-гольф-4 авто унаасы менен Д.Сяопин көчөсүндө чыгыш тарапты көздөй кетип бараткан. Ал рулда 28 жаштагы Н.А. олтурган Фольксваген-гольф-2 авто унаасы менен сүзүшүп кеткен. Жол  кырсыгынын кесепетинен Фольксваген-гольф-2 авто унаасынын ээси окуя болгон жерде каза болуп, 28 жаштагы Б.Ф. аттуу жүргүнчү жана экинчи авто унаанын ээси денесинен жаракат алган. Учурда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан