Ош. Өзгөн районунда жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди

Кечээ, 10-ноябрда Өзгөн районунун Куршаб айылында 300 балага ылайыкташтырылган “Алтын ачкыч” балдар бакчасы ачылды.

         

  Аталган балдар бакчасы Батыралы Усманов атындагы орто мектептин базасындагы имаратты оңдоп-түзөө аркылуу ишке ашырылды. Балдар үчүн атайын эмеректер сатылып алынган. Балдар бакчасынын оңдоп-түзөө  иштерине  “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду көмөктөшкөн, ал эми эмеректерди сатып алууга  Бириккен Араб Эмиратынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жардам берген. Бул тууралуу Өзгөн райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Айнура Ташматова кабарлайт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан