Алиясбек Алымкулов жаштарды юрист, экономистке эмес, техникалык кесип боюнча билим алууга чакырды
Кыргыз
Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов
11-ноябрдагы маалымат жыйында жаштарды юрист, экономистке эмес, техникалык
кесип боюнча билим алууга чакырды. Ошондой эле Кыргызстанда техникалык кесиптерге суроо-талап
көп экендигин белгилеп өттү. “Датка - Кемин” электр
линияларынын курулушунда жумуш орундары бар, бирок жарандар ал жерде иштегиси
келбегендигин кошумчалады. “Ал жерде айына 12 миң сомдон төлөп, унаа,
түшкү тамак берет. Ага карабай жарандар иштегиси келбейт. Буга тоолуу катаал
шарт, жумуштагы талаптар себеп болууда. Ошондуктан ал жерге Кытайдан эмгек
күчтөрү тартылды”,- деди министр.