Учурда Кыргызстанда жумушсуздардын саны 96 миң адамды түзөт. Бул туурасында КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Касым Чаргынов билдирди. Анын айтымында Нарын жана Жалал-Абад облустарында жумушсуздар көп. Ошондой эле 7 миң жумуш орун бош турат. Мунун себеби айлык акынын аздыгы. Бүгүнкү күнү өлкөдө бир жумушчу орунга 13 жумушчу туура келет.