Бүгүнкү күнү Бириккен Араб Эмираттарында (анын ичинде Дубайда) 870 кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын айрымдары КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Жумуш менен камсыз кылуу борборунун жардамы аркылуу ишке орношкон. Мындай маалыматты аталган министрликтин статс-катчысы Доскул Бекмурзаев билдирет.