Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында КРнын мурдагы жарандарына тиешелүү бир катар чектөөлөрдү алып салууга багытталган мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Демилгечилердин бири, депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, КРнын мурдагы жарандары жана башка жарандыгы барлар башка жарандыкты алгандыгына карабастан, КРнын жараны болуп саналат. Алар КРнын жарандары менен кыймылсыз мүлк маселесинде бирдей укукка ээ болушу керек.
Президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлдөрү мыйзам долбоорунун идеясын колдоорун айтып, айрым жагдайларды эске алуу менен кайра иштеп чыгуу зарыл экендиктерин айтышты.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечимин кабыл алышты.