Ош. Шаарда 9 айда жүрүш-турушу жаман делген 6 кыздан өз ата-энеси баш тарткан

2013-жылдын  9 айынын ичинде Ош шаарындагы  “Ак жүрөк” кризистик борборуна өз ата-энеси баш тарткан алты кыз кайрылган. Ата-энелердин баш тартуусуна балдарынын туура эмес жүрүш-турушу себеп болгон. Ал кыздардын көпчүлүгү никесиз төрөгөн кыздар болуп саналат. Мындай ата-энелер менен балдарынын ортосундагы мамилени бекемдөө үчүн бир катар иш-чаралар көрүлган, бирок натыйжасыз болуп келет. Анткени, аталган кризистик борборунун кызматкерлерине макул деп кыздарын алып кеткенден  кийин деле кыздар баары бир кордук көрүшөт.  

        Учурда бул кризистик борбордун убактылуу баш калкалоочу жайында 2 кыз күн кечирүүдө. Ал эми калгандары туугандарыныкына кеткен. Бул тууралуу аталган кризистик борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан