Кечки тамактануу ден соолукка зыян келтирбеши жана ашыкча салмактуулукка жол бербеши үчүн кандай азыктарды пайдалануу керек деген суроого диетолог Елена Тай орусиялык басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.
Анын айтымына караганда, кечки тамактын рациону өсүмдүк азыктарынан болгону жакшы. Себеби мындай азыктар тез сиңет жана ичеги-карын системасынын жакшы иштөөсүн жөнгө салат.
"Кечки тамактанууга нокот, жасмык (чечевица), буурчактан жасалган тамакты колдонуу пайдалуу. Себеби бул азыктарда пайдалуу витаминдер арбын жана узак убакытка чейин ток кармайт, тамак сиңирүү процесси да тез жүрөт", - деген ал.
Ошондой эле бул азыктарды кечкисин пайдалануу менен ашыкча салмак кошуу коркунучу төмөн болорун кошумчалаган.