Бүгүн, 11-ноябрдагы маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Барыканова “Памир кыргыздарынын негизги көйгөйү бул - медициналык жардамдын жоктугу” деп билдирди.
Анын айтымында, Кичи жана Чоң Памирдеги кыргыздар деңиз деңгээлинен 3,8-5 миң метр бийиктикте жашашат. “Ал жерде 9 ай кыш болот, кышкысын абанын температурасы -45 градустан -55 градуска жетет. Памирлик кыргыздар боз үйлөрдө күн кечиришет. Медициналык камсыздоо жок, оорулуулар көп. Быйыл Мургаб районунун ооруканасы андагы 25 адамды кабыл алып, дарылап берген. Ал эми чек ара жабылып калган учурларда алар кыйын абалга туш болушат”,- деди Барыканова.