Бүгүн, 11-ноябрда ЖКнын комитет жыйынында кыргыз мигранттарына байланышкан мыйзамды колдобой турганын айткан өкмөттүн өкүлү Исламбек Мойдуновду депутат Өмүрбек Текебаев сынга алды.
Текебаев жактаган бул мыйзам долбоору учурда чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кош жарандыгы бар мигранттардын Кыргызстанга кайтып келгенден кийинки жашоосу үчүн шарт түзүп берүүгө багытталган. Ал мыйзамга ылайык, кош жарандыгы бар кыргызстандык жаран мекенине кайтып келсе, жер, үй, батир маселелери боюнча кыргызстандык жарандар менен бирдей укукта болот. Алардын жергиликтүү бийлик органдарында кызматтарды ээлешине да жол ачылмакчы.
Мойдунов: “буга өкмөт каршы чыгат. Менде Жантөрө Сатыбалдиевдин каршылык билдирген каты бар” деди эле, Текебаев бул сөзү үчүн аны иштен айдала турганын айтты. “Эгер Сатыбалдиев каршы боло турган болсо, ал дагы иштен айдалат”,- деди Текебаев.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев кредиттик компаниялар тарабынан берилип жаткан насыялардын пайыздык ченин 40тан ашырбоо тууралуу мыйзам долбоорун коргоп кызууланган эле. Депутат анда сунушталган мыйзамга каршы пикирин билдирип жаткан Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоевге сын айткан.
Жыйынтыгында Текебаев сунуштаган ал мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, 26-июлда президент кол койгон.