"Miss Universe Australia" сулуулар сынагын орусиялык 26 жаштагы Дарья Варламова жеңип алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын жазганына ылайык, жеңүүчү жаңы статусуна акырындап көнүп келе жаткандыгын жана аны менен чогуу катышкан бардык катышуучуларга ыраазычылыгын билдирген. Эми ал Израилде боло турган "Аалам сулуусу" сулуулар сынагында дүйнөнүн эң сулуу кызы наамы үчүн ат салышат.
Белгилей кетсек, Дарья Варламова бала кезинде ата-энеси менен Орусиянын Брянск шаарынан Австралияга көчүп келишкен.
Эске салсак, дээрлик 60 жыл мурун "Мисс Австралия" сынагын 1962-жылы орусиялык мигрант Таня Верстак аттуу айым жеңип алып, кийин "Аалам сулуусу" сулуулар сынагынын да жеңүүчүсү аталган.