Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин айлык маянасы 1-октябрдан тарта 30 пайызга жогорулады. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасын жогорулатуу үчүн казынадан 1,9 миллиард сом каралган, бирок дипломатиялык кызматкерлер үчүн 125 миллион сом жетпей калган. Комитет башчысы Каныбек Иманалиев Каржы министрлиги Кыргызстандын чет жакада иштеген дипломатиялык кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууга казынадан каражат каралбагандыгына нааразычылык билдирип, казынанын долбоорун кайрадан иштеп чыгууну сунуштады.