Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 11-ноябрдагы жыйынында “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу боюнча макулдашууну ратификациялоо маселеси каралып, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, калктын газга болгон суроо-талабы жыл сайын өсүп жатат. Ушу тапта 300 миңден ашуун газ кардары бар жана өлкөдөгү газ түтүктөрүнүн 80 пайызы алмаштырууга муктаж. Макулдашуу 25 жылга түзүлүп жатат.
“Кыргызгаз” сатылып алынган соң, анын ордуна ошондой эле “Кыргызгаз” ишканасы түзүлөт. Орусиялык компания 5 жыл ичинде газ өткөргүчтөрдү жаңыртуу үчүн 20 миллиард рубль же 660-670 миллион доллар көлөмүндө, газ корун чалгындоо иштерине 100 миллион доллар инвестиция салууга тийиш”,- дейт мекеменин директору Тургунбек Кулмурзаев.