Оштогу Ак-Тилек кичи районуна жаңы электр эсептегичтер орнотулууда

Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районундагы 1200 абонентке жаңы электр эсептегичтер орнотулууда. Муну Ош шаардык мэриясы билдирди.

Электр эсептегичтерди орнотуу ишин Ош шаардык электр энергиясын сатуу ишканасы жүргүзүүдө. Ак-Тилек кичи районунда жашаган абоненттердин электр эсептегичтери  мурун үйлөрдүн ичинде, жер төлө же ашканада болуп, текшерүүчүлөр үчүн кыйынчылык жаратып келген. 

“Жаңы жабдууларды орноткондон кийин, биз көрсөткүчтөрдү эч кандай тоскоолдуксуз жаза алабыз”,- дейт аталган ишкананын өкүлү Ташмамат Полотбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан