Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 12-ноябрда “Кумтөр” маселеси боюнча маалымат жыйын өткөрөт. Муну парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалымат жыйын саат 16:00дө өтүп, депутат аталган маселе боюнча журналисттерге маалымат берип, суроолорго жооп берет.