Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул туурасында  КРнын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.

“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу” жана “Пенсияны эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери” жөнүндө мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр,  2013-жылдын 1-октябрынан  тартып, эмгек акыны чектөө деңгээлин 5000 сомдон 8000 сомго чейин көбөйтүүнү аныктайт.

Ошондо кайра эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча пенсиянын орточо көлөмү 4554 сомду түзөт (458,5 сомго же 111,2 пайызга  көбөйдү).

Мыйзам 2013-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан