Жоомарт Оторбаев: “Бажы биримдигине кошулуу чечими кыргыз элинин жашоосун оңдоо үчүн кабыл алынды”

Бажы биримдигине кошулуу чечими кыргыз элинин жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн кабыл алынды. Муну, бүгүн 12-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан бизнес-форумда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев айтты.  “Жарандык коом өкмөттөн ага кирүүдөгү киреше жана тобокелчиликти так эсептеп чыгууну күтүүдө”,- деди Оторбаев. Биринчи вице-премьер-министр Беларуста өткөн КМШ мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусунда Арменияны Бажы биримдигине байкоочулук статусун берүү чечими кабыл алынганын кошумчалады. “Биз өз чечимибизди кабыл алдык. Буюрса, декабрь айында Жол картасы бекитилет”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан