Караколдо 20-ноябрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын чыгармачылык көргөзмөсү өтөт

Каракол шаарында 20-ноябрда “Жаңы караш - жаңы мүмкүнчүлүктөр” аттуу долбоордун алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын чыгармачылыгынын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда жаш ыктыярчылардын “Лидерлик” уюму билдирди.

Иш-чаранын уюштуруучулары бул долбоордун негизги максаты мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү жана мамлекеттик түзүмдөрдүн, ишкерлер менен бирге  коомчулуктун көңүлүн балдарга буруу экенин билдиришти. Бул долбоор үстүбүздөгү жылдын июль айынан тарта иштеп баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан