Бүгүн, 12-ноябрда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети күн тартибиндеги биринчи маселени кароону башка күнгө жылдырды. Буга мыйзам долбоорунун демилгечилеринин иш сапарында болуп, жыйынга келбей калганы себеп болду. Айта кетсек, комитет жыйынына чакырылгандардын көпчүлүгү келген жок. Президенттин жана өкмөттүн ЖКдагы өкүлдөрү, Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов чакырылып бирок келбегенин комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев айтты.