Ысык-Көл облусунда 12-13-ноябрда “Балдарды зомбулуктан жана катаал мамиледен коргоодогу жаңы механизмдер” аттуу темада форум өтөт. Бул тууралуу “Балдардын укуктарын коргоо лигасынын” өкүлдөрү билдиришти.
Форумга аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, билим берүү, ички иштер бөлүмдөрү, социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле Каракол шаарында жана Түп айылындагы “Зомбулуксуз мектеп” программасы менен иш алып барган мектептер катышат. Форумда Балдарга жардам берүүчү борбор аркылуу зомбулукка туш болгон балдарга кам көрүү маселеси талкууланат.