Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 12-ноябрдагы жыйынына Оштун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айылдык кеңешинин депутаттары катышууда. Айылдык кеңештин 12 депутаты жыйын жүрүшү менен таанышмакчы. Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев аларды Жогорку Кеңешке, анын ичинде аталган комитет жыйынына келиши менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.