Ош технологиялык университетинде Илим күнү белгиленди

Кечээ, 11-ноябрда Ош технологиялык университетинде 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк Илим күнү белгиленди. Буга карата окуу жайдын Илим жана сырткы байланыштар бөлүмү тарабынан салтанаттуу жыйын уюштурулган. Жыйынга окуу жайдын бардык факультеттеринин илимпоз студенттери, аспиранттар, окутуучулар жана илим изилдөөчүлөр катышты.

Алгач илим изилдөөнүн артыкчылыгы, Кыргызстандагы илим изилдөө тармагынын бүгүнкү күндөгү абалы, кемчиликтер жана жаш илимпоздор тууралуу атайын видеоролик көрсөтүлүп, талкуу жүрдү. Соңунда, Илим күнүнө карата уюштурулган факультеттер аралык дубал гезиттин да жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Майрамдык салтанат атайын даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан