Кытайдын беш провинциясында 3 жаштан 11 жашка чейинки балдарды коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрө баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, калктын 76 пайызы эмдөөдөн өткөн. Ал эми жакын арада 3 жаштан 11 жашка чейинкилерди эмдөөдөн өткөрүү милдеттүү болору кабарланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Кытай бийлиги 3 жаштан жогору болгондордун баарына Sinopharm жана Sinovac вакцинасын алууга уруксат берген. Бирок өлкөдө 12 жаштан жогору болгондор гана эмдөөдөн өткөн.