Жогорку Кеңеш: Иштен бошотулган СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын арызы каралууда

Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 12-ноябрдагы жыйынында Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театры боюнча маселе каралууда. Тактап айтканда, аталган театрдын мурдагы кызматкери, СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын комитетке жазган арызы каралууда. Сартбаева театрдын азыркы жетекчиси Тимур Саламатов мыйзамсыз иштен алып салганын айтууда. 

 

Депутат Роза Акназарованын “Кайыргүл Сартбаеваны кайсы критерийлер менен иштен алдыңыз?” деген суроосуна Тимур Саламатов: “Бул кишинин үстүнөн бир катар кесиптештери арызданышты. Сартбаеванын негизги иши биздин театрда эмес, Улуттук консерваторияда. Башка жактарда да кошумча иштейт. Театрдын өзүнүн иштөө тартиби бар да. Буга чейин бул адамды мен мыйзамга каршы келсе да кетирбей кармап келгем”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан