Бүгүн, 12-ноябрда Ноокат районунда “Улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча коомдук кабыл алуулардын ишин активдештирүү” деген аталышта семинар өтүп жатат.
Аталган иш-чара өкмөттүн алдындагы жергиликтүү башкаруу жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан ишке ашырылууда. Иш-чаранын негизги максаты- улуттар аралык мамилени чыңдоодогу коомдук кабылдамалардын ишин көрсөтүү болуп саналат. Иш-чарага аталган агенттиктин директору Накен Касиев, вице-премьер-министр Токон Мамытов, Ноокат районунун жетекчилиги жана өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген коомдук кабылдаманын өкүлдөрү катышууда.
Бул тууралуу Ноокат районундагы коомдук кабылдаманын орун басары Курсан Ташбалта уулу билдирет.