“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

КРнын президенти Алмазбек Атамбаев “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул туурасында Президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. 

             

Мыйзамда “дистанциялык окутуу” түшүнүгү билим берүү формасы катары эмес, күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу (кечки) формасында колдоно турган билим берүү технологиясы катары аныкталган.  

Андан сырткары “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамга ылайык келтирүү максатында, дистанциялык билим берүү тармагында мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарынын  бир катар ыйгарым укуктары өкмөткө  өткөрүлүп берилет (мыйзамдын 14-беренеси).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан