Бишкектеги Опера жана балет театрынын 1 жылдык бюджети 49 миллион сом

Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын 1 жылдык бюджети 49 миллион сом. Муну бүгүн, 12-ноябрда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында театрдын директору Тимур Саламатов айтты. Айтымында, театр 1 жылда өзү 4 миллиондон ашык киреше табат.  

“Быйыл тапкан кирешебиздин 2 миллион 160 миң сомуна эски спектаклдерди жаңыладык. "Чолпон" спектаклин жаңылап көрүүчүлөргө тартууладык. Быйыл театрда спектаклдерден сырткары 100дөй иш-чара өттү”,- деди Саламатов. 

 

Депутаттар аталган театрдан түшкөн кирешелердин каякка жумшалып жатканы көзөмөлгө алынбай жатканын айтышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан