2013-жылдын 9 айында Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана жайылтуу боюнча 4 миң 528 лицензия берилген

 2013-жылдын 9 айында  алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана жайылтуу боюнча берилген 4 миң 528 лицензиянын 4 334ү  алкоголдук ичимдиктерди сатууга, 171и импортко жана  23ү өндүрүшкө берилген. Бул тууралуу  бүгүн, 12-ноябрда  SUPER.KG порталына

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган басма сөздүн маалыматы боюнча быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  1099 лицензия көбүрөөк  берилген. Мындан тышкары 2013-жылдын 9 ай ичинде  өндүрүлгөн жана импорттолгон алкоголдук ичимдиктердин жалпы саны- 5120,37 миң декалитр.  Анын 1508,43 миң далы импорттук алкоголдук ичимдиктерге,  3611,94 миң  далы ата мекендик өндүрүшкө таандык.

Төлөнгөн  акциздик салыктын суммасы  754,59 млн сомду түзгөн.  Алардын  ичинен 176,53 млн сом   импорттолгон  ичимдиктерден  жана  578,06 млн сом  ата мекендик өндүрүштөн түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан