Менин жерим: Ала-Арча суусу аралап өтүп, тик учактар учурулган Чүйдүн Байтик айылы тууралуу баян

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылы тууралуу баян кылабыз.

Байтик айылы мурун Орто-Алыш айылы деп аталып, кийинчерээк, тагыраагы 1992-жылы айылда жашаган аксакалдар демилге көтөрүп, Байтик баатырдын аты ыйгарылган.

Байтик айыл аймагынын курамында беш айыл бар: Арчалы, Байгелди, Баш-Кара-Суу, Кашка-Суу жана борбору Байтик. Айыл Бишкек шаарына эң жакын делген тоолуу айылдардын бири. Бишкек менен Байтиктин ортосу 20 чакырымды түзөт. Байтик айылынын калкынын саны 3 жарым миңден ашат.

Айылда 3 кабаттуу мектеп бар. Анда 1 миң 370 окуучу билим алат. Мектепке Кыргыз ССРинин министрлер советинин төрагасы, Кыргыз Эл баатыры, Байтик айылынын кулуну Акматбек Сүйүмбаевдин аты ыйгарылган.

Мамлекеттин жана кыргыз элинин алдында өзгөчө эмгеги сиңген, мекенге жан аябас кызмат кылган советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Акматбек Сүйүмбаевдин эстелиги аты ыйгарылган мектептин короосуна орнотулган.

Мектептин короосунда окуучуларга ылайыкталган футбол аянтчасы курулган. Айылдын жаштары футбол, дзюдо, таэквондо, көк бөрү өңдүү спорттун түрлөрү менен машыгышат.

Байтик айыл аймагынан Ата Мекендик согушка катышкан аталарга арналган "Аталарга таазим" аттуу атайын эстелик тургузулуп, сейил бак ачылган. Бул жакка жыл сайын жеңиш майрамында айыл эли чогулуп аталарды эскерип, куран багыштап турушат.

"Аталарга таазим" сейил багында балдар үчүн ойноочу аянтча дагы бар.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Айылдын коопсуздугун көзөмөлгө алган милиция пункту.

Бул имарат айылдын клубу болчу. Эскилиги жетип, ичи-сырты талкаланган. 2000-жылдары театр-спектаклдары коюлуп, белгилүү эстрада ырчыларынын концерттерине эл ушул жерден күбө болчу. Бул имарат качан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт азырынча белгисиз.

Байтик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имараты.

Мечит. Айыл элинин 99 пайызы мусулмандар.

"Ай-Данек" бала бакчасы.

Айыл эли мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишет. Жазында буудай, картошка, арпа, беде айдашат. Жашылча-жемиштерден помидор, сабиз, капуста, бадыраң (ар ким каалоосуна жараша) өстүрүшөт. Өзгөчө айылда жаңгак, алма көп. Мындан сырткары өрүк, кара өрүк, алмурут, карагат, алча жана башка жемиштер өстүрүлөт.

№47 кесиптик лицей. Окуу жайда төмөнкү кесиптердин адистери окутулат: Тракторист - машинист, ашпозчу, айыл чарба өндүрүшүнүн мастери (фермер), электр жабдууларын тейлөө боюнча электромонтёр, "В" жана "С" категориясындагы айдоочу, тигүүчү, ширетүүчү (электр жана газ менен ширетүүчү жумуштар).

№47 кесиптик лицейдин жатаканасынын дубалына Байтик баатыр менен Чыңгыз Айтматовдун сүрөттөрү (Стрит-арт) түшүрүлгөн.

"Кут билим" окуу-тарбия комплекси 2011-жылы окуучулар үчүн эшигин ачкан. Алгач 40 гана окуучу окуса, учурда 200дөн ашуун бала окуйт. Мектептин бүтүрүүчүлөрү АКШ, Германия өңдүү алдыңкы өлкөлөрдө билимин улантып келүүдө. "Кут билимде" 250 окуучуга ылайыкталган мектеп жана жатакана имараты бар.

Бишкек шаарында иштеген, окуган айыл тургундарынын саны көп болсо да транспорт маселеси көп жылдан бери чечилбей келет. Байтик айылы менен Бишкек шаарын байланыштырган №266 кичи автобустун саны аз жана жүрүү аралыгы 30 мүнөт. Кээде 1 саатка чейин созулат. Бул көйгөй али чечиле элек.

Ала-Арча суусу. Бул жерде жайдын саратан мезгилинде Бишкек шаарынан келип, сууну бойлой отуруп эс алган шаардыктардын саны арбыйт.

Байтик айылынын аэродрому. Бул жерден ар кандай тик учактар коммерциялык учууларды аткарат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KaGaH
2021-10-31 15:44:56
Байтикский айыл окмоту,
байтикского айылного аймака
аха ха ха котормосу укмуш го.
эч кандай орусчасы жок

-3
Siren90
2021-11-02 13:32:20
Мага бул айыл жакты, болгону клубун оңдош керек экен, калганы заманбапка ылайык айыл десе болчудай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан