Менин жерим: Шамалдуу шаар аталып, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Ысык-Көлдүн Балыкчы шаары тууралуу баян

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары жөнүндө сөз болот. Аталган шаардын кооздугу, климаты тууралуу шаар тургуну Айгерим Кубанычбек кызы айтып берди.

- Көлдө сүзгөн кичинекей кайыкчы,
Көксөйт көктү ал оорудан айыкчы.
Көргөм көптү, байланганмын өзүңө
Көркөмүңдөн айланайын, Балыкчы, - демекчи эзелтен тогуз жолдун тоому аталган, кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн дарбазасы болгон Балыкчы шаарым тууралуу кеп куруп берейин.

Шаар 1954-жылы негизделип, 1989-жылдан баштап Балыкчы деп аталган. Шаардын аталышы кандайча жаралып калгандыгы тууралуу учкай маалыматтарга токтоло кетейин.

Азыркы Балыкчы шаарынын башаты катары тарыхый аты Куу-Токой деген жер болгон. Таш-Сарай, Семиз-Бел, Туура-Суу аймактары аркылуу малды Куу-Токойго айдап келишип сатып жүрүшкөндүктөн бул жер - Көп малдуу кыштагы деп аталган. Аталган кыштоого Анжияндан бери келген көпөстөр товарларын малга алмашып кетип турушкан. Кыштоо ортомчуларга дагы ыңгайлуу болгондуктан аймактагы ири базар ушул жердин элинин коопсуздугуна шарт түзүп, айылдын түптөлүшүнө негизги өзөк болгон. Бул эл оозундагы кептерден.

Михаил Бачин аттуу орус улутундагы адам Нарындагы гарнизондо кызматын өтөп бүткөндөн кийин кайра Верныйга барбай, 1884-жылдын күзүндө Балыкчынын Кызыл-Сазында калган. Нарындан келатканда Кызыл-Саздагы кыргыздын чатырына келип туруп калат да, көл жээгиндеги балыктардын көптүгүн көрүп, алачыктын ээси менен тил табышып, эртеси саздын чым көңүнөн кыш тилишип, кепе тургузушкан. Кыргыз, орустун өкүлдөрүнүн колунан жаралган эң алгачкы үйлөрдүн айланасы акырындык менен кеңейип, орустар аны рыбак Бачин дешсе, кыргыздар балыкчы Бачы атка кондурушкан.

1907-жылы кыштак Бачино деген наамга ээ болсо, андан көп убакыт өтпөй 1909-жылы Рыбачье деген атка айланат.

1931-1960-жылдары Балыкчы райондун борбору катары кызмат кылган. Рыбачье кыштагы 1954-жылы шаар макамын алган. 1989-жылы Рыбачье Ысыккөл шаары аталды. Башка мезгилдеги аталыштарга салыштырганда анын өмүрү эң эле кыска болгон. 1992-жылы тарыхый Балыкчы топонимине ээ болду.

Балыкчы шаары борбор шаарыбыз Бишкектен 175 чакырым чыгыш тарапта Ысык-Көлдүн батыш жээгин бойлой 12 чакырымга созулуп жатат. Деңиз деңгээлинен 1620-1640 метр бийиктикте жайгашкан. Түздүгү саздак келип, кумдуу, чопо, шагылдуу таш тектеринен турат. Камышка бай. Түндүк жана түштүк жээктеринде чычырканак өсөт. Көлдүн суусу 22-25 °С'ка чейин жылыйт, кышкысын тоңбойт. Көлдө чабак, каңылтыр, маринка балыктары бар.

Климаты континенттик, кургак келет. Кышы өтө суук эмес, январдын орточо температурасы -4°С...-6°С, жайы салкын, июлда абанын орточо температурасы 20°С. Жылдык жаан-чачын өтө аз түшөт. Буга чейин таптакыр эле кар жаачу эмес экен. Акыркы жылдары климаттын өзгөргөнүнөн болсо керек, кар жаайт. Бирок көпкө кар жатпайт, шамалы айдап кетет.

Улан шамалы жылына орто эсеп менен 20-60 күндөй, айрым жылдары 40-100 күнгө чейин созулуп, ылдамдыгы секундасына 40 метрге жетет. Азыр бийик имараттар, үйлөр көп салынып, шамалдын күчү анчалык билинбейт. Бирок шаарга биринчи келген ар бир мейман "шамал катуу болот экен" деп кетет.

Калкы көп улуттуу (кыргыз 60 пайыз), орус (34 пайыз), украин (2 пайыз), татар, өзбек, казак, уйгур, дунган, тажик, беларусь, азербайжан жана башка.

Шаар автоунаа, темир жол жана суу жолдорунун тоому. Балыкчы шаары аркылуу Бишкек-Нарын-Ат-Башы-Торугарт, Бишкек-Каракол (Күнгөй жана Тескей аркылуу) жалпы мамлекеттик мааниси бар жолдор өтөт. Суу транспорту да өнүккөн. Кеме жылдын бардык мезгилинде кызмат көрсөтөт. Бирок учурда көл аркылуу оор жүк ташуу кыскарган. Негизинен көлгө зыян келтирбеген жүктөр ташылат. Автоунаа, суу жолдору менен бирге темир жол транспорту жеткиликтүү. Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы азыр да кызмат кылат. Жол киренин баасы 100 сомго да жетпейт.

Шаарда Балыкчы социалдык-экономика институту (менчик), он орто мектеп, (анын ичинен экөө гимназия жана бири лицей), спорт мектептери, айдоочулук мектеби (автошкола), бала бакчалар, үй-бүлөлүк тарбиялык борбор, мектепке чейинки пилоттук мекеме, кесиптик-техникум окуу жайы, техникум, колледж, 13 китепкана, 6 клуб бар. Шаар элинин саламаттыгын караган мыкты адистерге бай шаардык оорукана, үй-бүлөлүк медицина борбору, тиш поликлиникасы, санитария-эпидемиологиялык станция, 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.

Ар бир даталуу күндөрдө уюштурулган иш-чараларда Э.Думанаев атындагы маданият үйү, Болот Миңжылкыев атындагы балдар музыкалык мектеби, балдар билим борбору шаар калкынын маданий турмушуна көрк кошуп келишет.

Калаабызда Балыкчы шаарынын аскер горнизону, 2064-аскер бөлүгү, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясы жайгашкан.

Бул жакта кызмат өтөгөн уулдарыбыз, кызматкерлер жыл сайын 9-Май - Жеңиш күнүндө аскердик парадга катышышат. Парад аскер техникасынын жүрүшү менен коштолот.

Борбор Азиядагы эң чоң жана кооз мечиттердин катарына кирген Жами мечити да бар. Ар апта сайын мечит жума намазына келгендерге жык толот.

Балыкчы шаарынын мэриясы шаарды өнүктүрүү аракети менен көптөгөн мыкты иштерди жасап жатат. Атап өтсөк, "Жашылдандыруу" долбоору менен Балыкчынын Ж.Абдрахманов көчөсүнө газондор түшүрүлдү. Буга чейин шаарда өстүрүлө элек дарактардын, талдын, ошондой эле павлония дарагынын көчөттөрү тигилди. Ж.Аманбаев көчөсү (4 тилкелүү) толук оңдолуп бүттү. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында көчөлөргө видеокамералар орнотулду. Шаар калкынын ден соолугун чыңдоо максатында көп жерлерге көчө тренажерлору коюлду жана башка ар түрдүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Шаарыбызда нефть базасы иштейт. Ал Ысык-Көл, Нарын облустарын күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылат. Мындан тышкары бир канча ишканалар калкка кызмат кылып келүүдө.

Шаар күндөн-күнгө жашылданып, кулпуруп келе жатат.
Шаарым барат жасанып да, жашарып,
Шамал айдап, турбайт көпкө капалык.
Керемет чал кармап алтын балыкты,

Келет мына Балыкчы деп аталып.
Элден алып тарыхты,
Эргип көлдүн боюнда,
Күндөн алып жарыкты,

Күйүп тоонун боорунда.
Торолгон шаар Балыкчым,
Тогуз жолдун тоомунда.
Шамалдуу шаар Балыкчым,

Тогуз жолдун тоомунда.
Ак кемесин тосуп алып сапардан,
Аттандырат поездин таң атардан.

Ырыс сымал ыйгарылып Балыкчы,
Ысык-Көлдүн босогосу аталган.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай-журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AJow
2021-03-16 23:25:18
Балыкчым алтын бешигим
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан