Музыка коюлганы үчүн ок атылган. Ооганстанда үлпөт той учурунда талибдердин огунан 2 адам каза болду

Ооганстанда үлпөт тойду жандуу музыка менен өткөргөн той ээлерине талибдер тарабынан ок чыгарылып, анын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя Нангархар провинциясындагы айылдардын биринде болгон. Анда өздөрүн "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүбүз деп тааныштырган үч жигит үлпөт той өтүп жаткан үйгө кирип келишип, коюлган музыканы өчүрүүнү талап кылышкан. Ошондой эле ал жердегилерге ок чыгарышкан. Мунун кесепетинен эки киши октон каза таап, дагы 10 адам оор жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Аталган окуя боюнча "Талибан" кыймылы түзгөн өкмөттүн маданият жана маалымат министринин орун басары Забиулла Муджахид билдирүү таратып, кылмышка шектүүлөр кыймылдын өкүлдөрү болбогонун белгилеген.

"Кечээги тойдо үч жигит "Талибан" кыймылынын атын жамынып, музыканы токтотууну талап кылышкан экен. Алар жеке кызыкчылыктары үчүн шариат мыйзамдарына чыккынчылык кылышкандар", - деп билдирген кыймылдын өкүлү.

Ошондой эле кылмышка шектүү үч жигиттин экөө кармалганын, ал эми үчүнчүсүн издөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин "Талибан" кыймылы Ооганстанда бардык тойлордо жандуу музыка колдонууга жана жана эркектер менен аялдардын чогуу отуруусуна тыюу салганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bazar
2021-11-01 20:32:04
Динди бетке кармаган "ыймандуулвр" каякта жүрөт?..
0
Ala.too.456
2021-11-01 21:51:54
bazar, Бул жактабыз. Мне болду, созун бар беле?
+1
Jaysan030
2021-11-01 22:32:40
Каякта журосунор деп издейсин го чиркин, Созун болсо сал да оттого. Bazar
+1
bazar
2021-11-02 02:42:53
Музыка укпагыла...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан