Темир Жумакадыров: “Коррупциялык схемаларды жоюу бир күндө ишке ашат деп айтуу туура эмес”

Бишкекте бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын президентинин Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө указы боюнча брифинг өттү.

           

Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча коргоо кеңешинин жумушчу тобунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары Темир Жумакадыров “Коррупциялык схемаларды жоюу бир күндө ишке ашат деп айтуу туура эмес” деп билдирди.

Аталган указ саясий жана системалык коррупцияны жоюуга багытталганын айтып: “Бүгүнкү күндө буга чейин ар кандай документтер кабыл алынган. Бирок көпчүлүгү документ бойдон калганы белгилүү. Азыркы кабыл алынган чаралар атайын изилдеп чыккан жумушчу топтун чыгарган комплекстүү чечимдери  деп айтып жатабыз.  Атайын жумушчу топ органдардын иш аракеттерин  көзөмөлдөп турат. Мамлекеттик кызмат орундары сатылат экен деген сөздүн негизинде изилдеп чыктык. Саясий коррупцияны жоюуга аракет кылып жатабыз. Шайлоо процессиндеги катачылыктардын алдын алып, таза өткөрүп, иретке келтирүүгө аракет кылабыз. Кадр саясаты жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемалардын алдын алуу да каралган”,- деди Жумакадыров  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан